super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Кинодогу корей кызын сүйүп калдым"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Сүйгөнүм - кинодогу каарман" деген тема талкууга алынууда.

Темада автор: "Кинодогу каармандарды айтып, аларды жактырып калганын, алар тууралуу маалымат, сүрөттөрүн чогултуп жүргөндөрдү көрсөм кыжырым келчү. Бир күнү кино көрүп жатып, ошол кинодогу кыз кызыгуу жаратты, анын сүйкүмдүү жүзү мени арбады. Сериал болсо да аягына чейин көрүп чыктым, атүгүл кээ бир жерлерин кайталап көрдүм. Анын жылмайганын, сүйлөгөнүн, баскан-турганын, сабырдуулугун, жөнөкөйлүгүн, өзүнө жарашкан желпилдеген чачтарын жактырып бараттым. Ал каарман чыныгы жашоодо жок экенин, аны ойногон адам бул каарманга окшобогон башка бирөө экенин билсем да, аны эңсеп, ага болгон сүйүүм күчөп баратты. Көргүм келип сагынганда кайра ал кинону көрөм. Ошого окшош кыз алдымдан жолугуп калчудай аны издей берем", - деген билдирүү калтырган.

Буга башкалардын пикири:

"Киного чын дилинен берилип кеткен го бала. Аны деген актриса дейт, акчасын берсе терс каармандын деле ролун жарата берет. Ошондо аябай жаман көрүп каларсың, ошон үчүн терс каарман болуп ойногон кинолорун изде".

"Абалың оор экен. Эми ошого окшош кыз таап, салонго алып барып өзүң сүйгөн актрисадай кылып жасатып алып жашай бер".

"25 жашта болсоңуз, анда ак-караны ажыраткан, жашоого олуттуу караган убагыңыз экен. Өткөөл курактагы жаш бала эмессиз да. Ал жөн гана суктануу. Аны ойлогончо үйлөнүп бала-чакалуу болуп, тукумуңузду улантканга аракет кылыңыз".

"Кинодо корей кыздары эрке, мээримдүү, периште го, чиркин! Аларды көрүп өзүңдөн уялып кетесиң".

"Корейлер өң-келбети жагынан кыргыздарга окшош болгондуктан, окшош кыздар деле толтура. А бирок келбети окшосо да, ичи сен сүйгөн кызга окшобосу мүмкүн".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
21.12.2016. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эхх кыялкеч))
21.12.2016. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айла жок экенда
21.12.2016. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айла жок. Бирок ай лю вю. Даа актрисаныда суйгондор болот экенда. Биринчи угушум.
21.12.2016. 21:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аа артистарди суйгондор силерда артис болсонор силердида суйот
22.12.2016. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыпкыргыз кызжарын гана суйгум келет
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: