super.kg logo
  Спорт  

Футболчу Карлос Тевес аптасына 763 миң доллар маяна алып, дүйнөнүн эң көп акы төлөнгөн футболчусуна айланат

 

Учурда "Бока Хуниорс" клубунда ойноп жаткан аргентиналык футболчу Карлос Тевес жакын арада Кытайдын "Шанхай Шеньхуа" клубунун катарын толуктайт. Бул келишимге кол койгон соң футболчу аптасына 763 миң доллар маяна ала баштайт. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Тевес Аргентинанын биринчилигинде 14-тур оюндары аяктаган соң "Бока Хуниорстун" күйөрмандары менен коштошту. Фанаттардын бири майданга чуркап чыгып, тизелеп, аны кетпөөгө чакырды.

Тевес дал ушул "Бока Хуниорс" клубунда тарбияланган. 32 жаштагы футболчу Европадагы "Вест Хэм", "Манчестер Юнайтед", "Манчестер Сити" (баары Англия) жана "Ювентус" (Италия) сыяктуу командаларда ойногон. 2004-жылдан 2014-жылга чейинки аралыкта Аргентинанын улуттук курамасынын курамында 76 оюн өткөрүп, 13 гол жараткан.

Кошумчалай кетсек, учурда эң көп маяна алган футболчу катары аргентиналык чабуулчу, Кытайдагы "Хэбэй Форчун" клубунда ойногон Эсекиэль Лавесси белгилүү. Ал аптасына 620 миң доллар маяна алат. Ал эми Европада Криштиану Роналду (аптасына 460 миң доллар) менен Лионель Месси (аптасына 338 миң доллар) алдыда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
21.12.2016. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
буларга ким каяктан ошончо акчаны алып төлөшөт экен а..
21.12.2016. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кыргыз сомго эсептесем тилим буралып калды.
21.12.2016. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы насип кылсын
21.12.2016. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошол бир кундук акчасын мага которгондо мен Россияга келбейт элем ))))
21.12.2016. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жылына 39 785 000$ Айына 3 379 000$ 7 күн 763 000$ 1 күн 109 000$ саатына уктап жатса дагы 4541$ жакшы табат экен
21.12.2016. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кайдагы окуу жайларды бүтүрбөй футболчу болсом өлөмбү ((
21.12.2016. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаш баланар болсо футболго бергиле кыргызстанда ойносода кем болбойт эгер жакшы болуп европа же кытайга чакырып калса анданда жакшы болот.
22.12.2016. 03:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Канча акча тапсакда Кудайга минжолу шугур кылалы.Кудайым бизгеда берээрин унутпасын.Арбирибиздин тапкан акчабыз озубузго,жакшылыка насип кылсын.
22.12.2016. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
33SUUN,эң туура бирөөдүкүн эсептеп олтура бербей өзүңдүкүн алдыга жылыра бер.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: