super.kg logo
  Спорт  

2006-жылкы Дүйнө чемпиондугу: Зидандын баш соккусуна туш болгон футболчу Марко Матерацци окуяны кайрадан эске салды

 

Италиянын курамында 2006-жылы футбол боюнча Дүйнө чемпиону аталган Марко Матерацци 10 жылдан кийин финалда кийген футболкасы кандай абалда сакталып турганын көрсөттү. Сүрөттө футболкага эмес, анын жанында турган рамкадагы сүрөткө көбүрөөк көңүл бурулат. Анда Зинедин Зидандын оюн учурунда Матераццини башы менен сүзүп жаткан элеси чагылдырылган. Марконун колунда Дүйнө чемпионунун кубогу турганын көрүүгө болот.

Социалдык тармактарда футбол сүйүүчүлөрү бул көрүнүштү жылмаюу менен кабыл алышты. Албетте, арадан 10 жыл өтүп, анда ичи ачышкан күйөрмандар финалдагы жеңилүүнү спорттогу кадимки көрүнүш катары кабыл алып калышты. "Бул сүрөттү Зидан көрбөсүн", "Зидан-Матерацци тиреши. 2-бөлүк" деген тамашалар айтылууда.

Дүйнө чемпиондугунун финалы Берлин шаарында өткөн. Анда Италия курамасы менен Франция курамасы кез келген. Беттештин негизги убактысы 1:1 эсебиндеги тең чыгуу менен аяктаган. Ал эми пенальтилер сериясында жеңишти италиялыктар камсыздашкан (5:3).

Кызыгы, анда эки голду тең чуулуу окуянын катышуучулары жаратышкан. Алгач Марко Матерацци өз коргонуусунда Флоран Малудага каршы ойноп, эреже бузган. Беттеш калысы 11 метрлик айып соккусун тебүү мүмкүнчүлүгүн бергенде Зинедин Зидан гол жараткан. Бул окуя 7-мүнөттө катталгандыктан, көпчүлүк "ыкчам киргизилген гол италиялыктардын шагын сындырды" деп ойлошкон.

Бирок италиялыктардын жообу көпкө күттүргөн эмес. Марко Матерацци өз күнөөсүн сезип, эсепти теңегенге катуу аракет көргөн да, 17-мүнөттө бурчтан чыгарып берүүдө гол жараткан. Беттеш андан ары кызып отуруп, Италиянын дарбазачысы Жанлуиджи Буффон керекке жарап, атаандаштарынын 1-2 соккусун жогорку чеберчилик менен тосуп калган.

90 мүнөт артта калганда командалар эсепти өзгөртө элек болчу. Бул убакытты Италия курамасы атаандаштын катасын күтүп, каршы чабуулга ыңгайлуу мүмкүнчүлүк издөө менен өткөргөн. Ал эми франциялыктар көбүрөөк топко ээлик кылып, дарбазага жол таба албай убара болушкан.

Командалар ошентип кошумча 15 мүнөттүктөрдү ойной башташат. 110-мүнөттө тарыхый окуя катталат: Зидан атаандашы Матераццини төшкө сүзгөн. Беттеш калысы бул кылыгы үчүн Зиданга кызыл айып кагазын көрсөткөн.

Пенальтилер сериясында болсо италиялыктар 5 соккуну тең голго айландырышкан. Ал эми франциялыктардын курамынан жалгыз гана Давид Трезеге жаза баскан. Анын соккусу дарбазанын "устунуна" тийип, сызыктан өтпөй калган.

Бул чуулуу окуядан кийин Франция курамасынын лидери Зинедин Зидандын профессионалдык карьерасын жыйынтыктады. Анда анын эмне себептен Матерацциге "чабуул" койгонун өз оозунан аз эле адамдар уккан.

Ал эми ММКлар окуяга себеп болгон Матераццинин сөздөрүн элге жарыялаган. Окуядан 10 жыл өткөн соң италиялык коргоочу: "Ооба, Зидандын карындашы тууралуу жаман сөз айткам. Анын апасы тууралуу ооз ачкан эмесмин. Ошентсе да андан мындай реакция күткөн эмесмин", - деген.

Бул окуя, албетте, футбол тарыхында эстен кеткис окуялардын катарын толуктаган. Аларды элдештирүүгө аракеттер натыйжа берип, Зидан окуяны унутканын айткан. Ал эми Матерацци атаандашынын дарегине жаман сөздөрдү айтканына өкүнбөй турганын айтып келет. "Андай сөздөр биз чоңойгон аймактарда, керек болсо Парижде күнүгө айтылат", - деп ой бөлүшкөн ал.

Көп өтпөй Парижде "Зидандын соккусу" деп аталган эстелик тургузулган.

Зидан бүгүнкү күндө мадриддик "Реал" футболдук клубун машыктырып, арты-артынан ийгиликтерди багындырууда. Ал эми карьерасын жыйынтыктаган Матерацци бул жаатта көрүнүктүү эмгек жасай элек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(9)
21.12.2016. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Хехе
21.12.2016. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ошондо италияны колдогом утканда аябай суйунгом
21.12.2016. 19:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Матераццини бир Зиданга байлап салып беришим бар
21.12.2016. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мен Францияны колдогом, ал жерде Матерацци неге аларды суйлоду тушунуксуз!!!
21.12.2016. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Зидан чыныгы эркектин ишин жасаган
ChelseaKG түзөттү 2016-12-21 20:20:27
21.12.2016. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен ушул футболду коргондон баштап футболго кызыгып баштагам
21.12.2016. 22:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Атын чыкпаса жер ортто болуп Матерацци озун рекламалап жатыптыр да. Футболдо чыныгы футболист Зидандын 1/10 ийгилигин да жарата алган эмес жеке футболист катары карасак. Анан да Зидан чыныгы эркек, Матерацци ал атка татыксыз. Азыркы "жоругу" да ошол ишенимди дагы бир жолу тастыктап отурат.
21.12.2016. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Матерацци Зиданды оюндан чыгаруу учун сознательно ошол провокацияга барды. Бул "ыплас жоругу" учун Матераццини да оюндан четтетуу керек эле. Андай арам ойлуу провокаторлор супердин окурмандары арасынан да чыгып калат, атайылап провокацияга чакырган.
21.12.2016. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Revolyutsiya, туура айтасыз андайлар бар супер инфодо... Дин жонундо билип билбейда жазып коюша берет....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: