Баткен облусунун шарты катаал Кан айылында 225 орундуу мектеп курулууда

Баткен районунун Дара айыл аймагына караштуу Кан айылында 225 орундуу мектеп курулууда. Бул тууралуу бүгүн, 21-декабрда өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
"Кан айылы райондун борборунан 100 чакырым алыс жайгашкан шарты катаал айылдардын бири. Буга чейин окуучулар эски мектепте окуп келишкен. Бүгүнкү күндө республикалык бюджеттин эсебинен 225 орундуу мектептин курулушу жүрүп жатат. 2017-жылдагы жаңы окуу жылына карата мектеп пайдаланууга берилет", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, мектептин курулушунун сметалык баасы 42 миллион сомду түзгөн. Билимкананын спортзалы, ашканасы, жылытуу системи заман талабына ылайыкташтырылган.
өкүлүнүн басма сөз кызматы
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:08
2025-07-08

21:43
2025-07-08
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
Keremet008

21.12.2016. 18:23
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баткенди кичине колдоп оркундотсок болот. Каяка барба басмырлашат. Ыймандуу эл деп билем. Зардалыны эмне болду свет башка жолдору ондолдубу?
gul.1995

21.12.2016. 23:26
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Куудулдар башка тамаша калбай калгансып, биздин тилибизге асылды койду да. Бирок Баткен эли момун, меймандос элбиз. Тема боюнча жазсам бийликке рахмат, балдардын келечеги учун конул бурганына.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.