super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт "Бишкек машина куруу заводу" ачык акционердик коомуна Салык кызматынын алдындагы карыздан кутулууну буйруду

 

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков кечээ, 21-декабрда "Бишкек машина куруу заводу" ачык акционердик коомуна барды. Өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, анда Разаков мекеменин ишмердүүлүгү менен таанышып, заводдун аймагындагы өндүрүш цехтерин көрдү.

"Бишкек машина куруу заводунун" жетекчилиги вице-премьер-министрге чыгарылган продукцияларды көрсөтүп, заводдун азыркы абалы жана өндүрүштөгү финансылык кыйынчылыктар тууралуу маалымат берди. Вие-премьер-министр: "Заводдо өндүрүштүн көлөмүн арттырууга чоң ресурстар бар. Бардык өндүрүш кубаттуулугун толук иштеткенде кошумча жумуш орундары түзүлүп, салыктардын түшүүсү көбөймөк. Бул, албетте, өлкөнүн экономикасына оң таасир тийгизет", - деди.

Буга катар ал тийиштүү мамлекеттик орган жетекчилери менен ыкчам жыйын өткөрүп, ишкананын ишмердүүлүгүн жандандыруу жана өнүктүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу тобун түзүүнү тапшырды. Социалдык фонддун жана Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы карызын жоюу, ошондой эле аны өнүктүрүү үчүн инвестицияларды тартуу боюнча сунуш киргизүү тапшырылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: