super.kg logo
  Спорт  

Мушкерлер Владимир Кличко менен Энтони Жошуа чемпиондук курду талашат, уюштуруучулар 1 суткада 50 миң билет сатышты

 
2017-жылы 27-апрелде украиналык мушкер Владимир Кличко британиялык Энтони Жошуа менен беттешет. Лондондогу "Уэмбли" стадионунда өтө турган беттешке кирүү укугун берген билеттер 20-декабрда сатыкка чыгып, 1 суткада 50 миң билет сатылды.
Чет элдик маалымат булактары кабарлагандай, стадионго 90 миң көрүүчү батат. Андыктан дагы 40 миң билет сатыкка чыкмакчы. Билеттер 50 доллардан 200 долларга чейинки баада сатылууда. Калган билеттер сатыкка 16-январда чыгат.
Беттеште Эл аралык бокс кеңешинин (IBF) версиясы боюнча чемпион Жошуа чемпиондук наамын коргоого аракет кылат. Буга катар Эл аралык бокс ассоциациясынын (WBA) версиясы боюнча чемпиондук наам ортого коюлган.

"Лондон-2012" Олимпиадасында алтын медаль тагынган 27 жаштагы мушкер Энтони Жошуа профессионалдык рингде 18 беттеш өткөрүп, бардык атаандаштарын нокаутка учураткан. Ал эми "Атланта-1996" Олимпиадасында алтын медаль тагынган 40 жаштагы Владимир Кличко профессионалдык рингде 64 жолу жеңишке жетишип, 4 ирет жеңилүү ызасын тарткан. Ал WBO, IBF, IBO жана WBA версиялары боюнча Дүйнөнүн экс-чемпиону.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
22.12.2016. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кутобуз.Кызык болот деген ишеним менен.
22.12.2016. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кличко эч качан жакшы бокс корсото албайт. Шоу болот
22.12.2016. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Күтүп калабыз
22.12.2016. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кличко давай
Кантседа Кыргызстандыксында
22.12.2016. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кличконун иши бутот ушу менен. Кличколор бокстун кызыгын кетиришти. Кличко накаут менен женилелет бул менен прогнозум.
22.12.2016. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Билеттерди бир эки фирма элэ болуп сатып алганго бир суткада сатылганына караганда элестетип койдум азыр 50$дан алып бойго аз кун калганда 500$дан сатсан
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: