Депутат балдар үйлөрүнөн чыккан айрым кыздар сексуалдык кулчулукка кабылышканын айтты
Балдар үйлөрүнөн чыккан айрым кыздар сексуалдык кулчулукка кабылышууда. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Ирина Карамушкина билдирди.
Анын айтымында, мамлекет жана жарандык коомчулук тарабынан балдар үйлөрүнө материалдык жардам жана моралдык колдоо көрсөтүлүүдө. "Тилекке каршы, балдар үйлөрүнөн чыккан улан-кыздар жумушсуз жана турак жайсыз калышууда. Айрым кыздар сойкуларды иштеткен кишилердин (сутенёр) колуна түшсө, балдар кримчөйрөнүн өкүлдөрүнүн колуна түшүшүүдө. Өкмөт бул маселени чечиш үчүн имарат таап берсе жакшы болмок. Имарат Бишкек, Кант, Кара-Балта шаарларынан болобу, айырмасы жок. Бул жерде реабилитациялык борбор ачылып, балдар үйлөрүнөн чыккандар окуп, кесипке ээ боло алышат. Өкмөт тарабынан жакшы камкордук болот", - деп сунуштады Карамушкина.




1 |