super.kg logo
  Саясат  

"Датка-Кемин" линиясы Кыргыз мамлекетин коңшуларга 10 миллион доллар төлөөдөн кутултту

 

Кыргыз Республикасы 2015-жылдан бери электр энергиясынын транзити үчүн Казакстан менен Өзбекстанга акча төлөбөйт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "Кыргызстан улуттук электр түйүндөрү" компаниясынын техникалык директору Жолдошбек Ачикеев билдирди.

2015-жылга чейин Токтогул ГЭСинен өндүрүлгөн электрди өз аймагы аркылуу Кыргыз Республикасына өткөрүп бергени үчүн өлкө Казакстан менен Өзбекстанга жыл сайын 8-10 миллион доллар төлөп жүргөн.

"Датка-Кемин" линиясынын негизги артыкчылыгы - өлкөнү электр жарыгы менен камсыздоодо коңшулардын көзүн карабай калдык. ГЭСтен чыккан электр 509-линия аркылуу Казакстан менен Өзбекстанды аралап анан бизге келчү. Аталган линияда авария болсо, Кыргыз мамлекетинин түндүк аймагы светсиз калуу коркунучуна туш келчү. Бүгүнкү күндө андай коркунуч жок. Эгерде азыркы учурда 509-линия үзгүлтүккө учураса, "Датка-Кемин" линиясы аркылуу электр энергиясын бере алабыз", - деди Ачикеев.

Эскерте кетсек, "Датка-Кемин" линиясы 2015-жылы ишке киргизилген. "Датка" жана "Кемин" подстанцияларын туташтырган линиянын узундугу 405 чакырымды түзөт. Долбоорду ишке ашырууга жалпы 389 миллион 795 доллар сарпталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: