super.kg logo

Москвадагы "Коломенская" станциясында газ баллон жарылып, 6 адам жабыркады. Арасында кыргыз жарандары бар же жогу такталууда

 

Бүгүн, 22-декабрда Москва шаарындагы "Коломенская" станциясына барчу өтмөктө газ баллон жарылып, 6 адам ар түрдүү жаракаттарды алды. Бул тууралуу Москва шаардык башкы тергөө башкармалыгынын Тергөө комитетинен жергиликтүү маалымат булактарына билдиришти.

"Аталган станцияга жакын жерде оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатканда газ жарылып, натыйжада 6 адам жабыркады. Алардын экөө ооруканага жаткырылды", - деп жазылат маалыматта.

Кырсыкка кабылган 6 адамдын арасында Кыргыз өлкөсүнүн жарандары бар же жок экенин билүү үчүн ТИМдин өкүлү Айымкан Кулукеевага кайрылдык. "Бул боюнча министрликтен Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигине маалыматты тактоо керектиги тууралуу тапшырма берилди. Учурда тактоо иштери жүрүп жатат", - дейт Кулукеева.

Бул арада ТАСС маалымат агенттиги кырсык болгон жерде оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп жаткан компания жасап жаткан ишинен четтетилгенин жазып чыкты.

"Оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп жаткан жалдануучу компания иштен четтетилди. Бул боюнча шаардык прокуратура иш алып барып, тергөө иштери жүрүүдө", - деп жазылат маалыматта.

"Коломенская" станциясындагы иштерди "Рост-Е" ишканасы жүргүзүп жаткан.






Москвадагы Коломенская станциясындагы жарылуу

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
22.12.2016. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай сактай кор.
Кече да 6 адам бугун да 6 тоо
22.12.2016. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Метро иштеп жатабы ачык эле болсун эми уйго жакын жолум эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: