super.kg logo
  Саясат  

Равшан Жээнбеков: "Азиз Батукаевге мыйзамсыз паспорт бергендигин Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрү моюнга алды"

 

"Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлери Азиз Батукаевге мыйзамсыз жол менен паспорт берилгендиги чындык экенин моюнга алышты". Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде Жогорку Кеңеште "мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулганын жана мамлекеттен чыгып кеткенин изилдөө үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын мүчөсү Равшан Жээнбеков паспорт мыйзамсыз берилгендигин тастыктаган справканын негизинде маалымдады. “Мамлекеттик каттоо кызматы менен жаза аткаруу кызматы Юстиция министрлиги тарабынан мамлекеттик каттоодон өтпөгөн, өз алдынча иштелип чыккан жобонун негизинде паспортту мыйзамсыз берген. Себеби нормативдик укуктук актылар, жарандарды күбөлөндүрүүчү документтер бийликтин чечими менен бекитилип, каттоодон өтүш  керек. Комиссия өз ишин аяктаган соң Мамлекеттик каттоо кызматынын башкармалыгынын паспорт берүүгө байланыштуу иштерин карап чыгабыз. Ал эми мындай мыйзам бузууларга аталган кызматтардын жетекчилери жол бергендиктерин моюнга алышты”,- деди Жээнбеков. Буга чейин Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Эрлан Сапарбаев журналисттерге факт боюнча алгач “паспорт мыйзамдуу түрдө берилген” деп маалымат берип, бул маселени карап чыгууга комиссиядан убакыт сураган. Андан соң, ММКнын өкүлдөрүнө жооп берүүдөн баш тартып койгон. Эске салсак, Батукаев 2006-жылы 16 жылга эркинен ажыратылып, Нарын шаарындагы 4-СИЗОго камакка алынган. 2013-жылы 9-апрелде абактан бошотулуп, ошол эле күнү "кыргыз жараны" деген паспортту көрсөтүп, Бишкектен Грозныйга учуп кеткен. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: