super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 22-ДЕКАБРЬ: Дүйнө жүзүнө аты таанымал дарыгер-кардиохирург, ойлоп табуучу Лео Бокерия 77 жашка толду

 

Дүйнө жүзүнө аты таанымал дарыгер-кардиохирург, ойлоп табуучу Лео Бокерия 77 жашка толду. Ал 1939-жылы 22-декабрда Абхазиянын Очамчира шаарында төрөлгөн.

1965-жылы Иван Сеченов атындагы Москва медициналык институтун бүтүрүп, оперативдүү хирургия жана топографиялык анатомия кафедрасына аспирантурага тапшырган. 1968-жылы окуусун бүтүрүп, Александр Бакулев атындагы Жүрөк-кан тамыр хирургиясы институтуна илимий кызматкер болуп жумушка орношкон. 1994-жылы Жүрөк-кан тамыр хирургиясы илимий борборуна жетекчи болуп дайындалган.

Бокериянын илимий ишмердүүлүгүндөгү негизги багыт болуп жаңы методдорду колдонуу менен жүрөк ооруларын хирургиялык дарылоо болуп эсептелет. Ал жаңы ыкмаларды колдонуу менен жүрөккө 200дөн ашуун операция жасаган. Ошондой эле жүрөк ритминин бузулушун жана ишемиялык жүрөк оорусун хирургиялык дарылоого чоң салымын кошкон.

Л.Бокерия медицина тармагындагы ачылыштары үчүн 150дөн ашуун патент алган. 1000ден ашык макала жазып, анын 100дөн көбү чет өлкөлөрдө жарык көргөн. Ал "Көкүрөк жана жүрөк-кан тамыр хирургиясы" журналынын башкы редактору, "Хирургиянын анналдары" жана "Доктор" журналынын негиздөөчүсү болуп саналат.

22-декабрга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: