super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Ит келатат, кет! Кет! Балам уктайт азыр. Кана, көзүңдү жумчу..."

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Сиз балаңызды кантип коркутасыз?" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Менин эки жээним бар, экөө тең аябай тентек. Анан "вампир, бөө, апчуңду кесип коём" десем коркуп калышат".

"Мен балдарымды коркутпайм. Минтип коркутканыңар туура эмес. Психикасына терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Менин баламды да тынч отурсун деп коркутуп коюшкан экен, коркконун түшүндүрүп жатып калтырдым".

"Балдарымды коркутпайм. Өткөндө түндө ыйлаганда "мокочо келатат" десем, "ал эмне, кана көрөйүнчү" десе сөз таппай калдым".

"Ит келатат, мышык келатат, кет! Кет, мышык! Балам уктайт азыр, кана, көзүңдү жумчу..." деп уктатам".

"Кесип салам, союп салам" деп айтпаш керек. Кайнагамдын 3 жаштагы баласы койду сойгонду көргөн экен, желимден оюнчук эшектер болот го, үстүнө минип, секирип ойногон, ошондой оюнчугунун ичин кесип, желин чыгарып кайненеме сүйүнчүлөп келиптир, "эшегимди союп салдым" деп. Балдарды кароосуз калтырбаш керек".

"Кээде балдарым сабак окугулары келбей калышат, оюнга кызыгып. Ошондо "баланчага козу бакканга, торпок айдаганга бала керек экен, ошол кишиге алып барып беребиз. Окубагандан кийин жок дегенде жакшылап мал бакканды үйрөнөсүңөр" деп калабыз".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
22.12.2016. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Менин 5 жаштагы кызым эч нерседен коркпойм дейт,апасы эмнеге десе У меня есть папа Он защищает меня дейт
22.12.2016. 22:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ой тимеле зашищает машишает
23.12.2016. 08:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздики музыка детский коюп койсом уктайт бирок жанына жатам уктагыча кошо ырдап берип...
23.12.2016. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен кызыма божоко келетат сени алып кетет десем укташ ордуна наборот жини келип кучоп кетет шоктонуп.Коркпойт эч нерседен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: