super.kg logo

Муфтият: Расмий дин кызматкерлери 18 жашка чыга электерге нике кыйбасын

 

Кыргыз Республикасында 18 жашка чыга электерге нике кыюуга тыюу салган мыйзамдын негизинде муфтияттын буйругу чыкты. Буйрукта Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын алдында иштеген расмий дин кызматкерлери тарабынан (КМДБ аппаратында иштегендер, казы, казыят аппаратында иштегендер, жалпы имамдар, диний окуу жайлардын мугалимдери) жашы 18ге жете электерге нике кыйылбашы керектиги айтылат.

Эгерде муфтияттын түзүмүнө тиешеси жок дин кызматкерлери (молдолор) 18 жашка чыга электерге нике кыйган болсо, муфтияттын жоопкерчилигине алынбайт. Маалыматты 22-декабрда муфтияттын маалымат кызматы таратты.

Эскерте кетсек, жогоруда аталган мыйзамды Жогорку Кеңеш быйыл 5-октябрда кабыл алып, президент 18-ноябрда кол койгон. Документ 4 күн мурун, 18-декабрда күчүнө кирди. Эми баш кошкон жубайлар нике кыйылганга чейин сөзсүз Жарандык абалдын актыларын каттоо (ЗАГС) бөлүмүнөн каттоодон өтүшү шарт. Эгерде бул талап аткарылбаса, нике кыюуга катышкан дин кызматкерлери жана ата-энелер 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылмакчы. Мыйзам менен өспүрүм кыздардын турмушка чыгуусуна бөгөт коюлары күтүлүүдө. Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинде нике курагы 18 жаш деп белгиленген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: