super.kg logo
  Саясат  

Сооронбай Жээнбеков депутат менен интернет аркылуу кайым айтышкан чиновникти кызматтан алды

 

Мэлис Мамбетжанов Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагалыгынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүн, 22-декабрда тиешелүү жарлыкка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Айта кетсек, М.Мамбетжанов акыркы төрт айдан бери ооруп жатканын айтып, Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин отурумдарына катышпай, өзүнүн орун басарларын жөнөтүп турган. Алар депутаттардын суроолоруна так жооп бере алышпаганынан жыйындар жыйынтыксыз өтүп, комитеттин төрагасы Нурлан Макеев буга нааразы болуп, Мамбетжановго эскертүү берген. Фонддун төрагасы басма сөз кызматы аркылуу "Макеев жеке таарынычынан улам фондго жөнү жок асылып жатат" деген билдирүүнү интернеттен тараткан. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айтмамат Назаров Мамбетжанов менен Макеевдин кайым айтышуусуна нааразычылыгын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: