Кара-Кулжа районунда кекиликке мыйзамсыз аңчылык кылган 3 адамдын бири милиция кызматкери экендиги белгилүү болду

Ош облусундагы Кара-Кулжа районунун 1-Май айыл аймагында мыйзамсыз кекилик аткан 3 адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-декабрда Экологиялык коопсуздук боюнча инспекциянын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Мергенчилик кылууга уруксат кагаздары жок ууга чыккан 3 адам кармалды. Алардын жанынан 3 даана ок атуучу курал, 18 баш кекилик табылды. Мыйзамсыз иш жасаган жарандардын куралдары жана атылган кекиликтер алынды. Аңчылык кылгандардын бири милициянын ардагери болгон", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, кармалган аңчыларга протокол толтурулуп, алынган мылтыктары Ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилген. Учурда жаратылышка келтирген зыяндын ордун толтуруу максатында чыгашаны өндүрүү аракети көрүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:08
2025-07-16
9:20
2025-07-16

22:57
2025-07-15

Рейтинг:
0

корсотпой аткыла мындан кийин деп ескертме берип коет:-)