super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 23-ДЕКАБРЬ: 44 жыл мурун "ТУ" сериясындагы учактардын жаратуучусу, советтик авиаконструктор Андрей Туполёв көз жумган

 

Мындан 44 жыл мурун, 1972-жылы 23-декабрда "ТУ" сериясындагы учактардын жаратуучусу, советтик авиаконструктор Андрей Туполёв 84 жашында көз жумган.

Социалисттик Эмгектин 3 жолку Баатыры Андрей Туполев 1888-жылы 10-ноябрда Орусиянын Тверь губерниясындагы Пустомазов айылында жарык дүйнөгө келген.

Москва императордук техникалык окуу жайын артыкчылык менен аяктап, окуп жүргөндө аэродинамикалык түтүктөрдү жасоо менен алектенген. 1910-жылы ал биринчи жолу өзү жасаган планерде учкан. Окууну аяктагандан кийин механик Николай Жуковскийдин шакирти болуп, экөө Борбордук аэрогидродинамикалык институтту түзүшкөн.

Институтта А.Туполёв толук металлдан жасалган учакты жасоонун үстүндө иштейт. 1925-жылы ТБ-1 үлгүсүндөгү учакты жасап чыгып, ал дүйнөдөгү эң мыкты учактардын катарына кирген. Ошондой эле ага таандык ТБ-3 учагы Түндүк Уюлга биринчи болуп конгон. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Туполёв Ту-104 жүргүнчүлөрдүн учагын жараткан. Мындан тышкары анын жетектөөсү менен учактын 100дөн ашык түрү жасалган. А.Туполёв СССРдин Илимдер академиясынын мүчөсү болуп шайланып, бир катар сыйлыктардын ээси болгон.

23-декабрга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: