super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте Кыргыз Республикасы менен Ирандын президенттеринин жолугушуусу өтүп жатат

 

Бүгүн, 23-декабрда Бишкектеги мамлекеттик резиденцияда Ирандын президенти Хасан Роухани менен Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин эки тараптуу жолугушуусу өтүүдө. Атамбаевдин айтымында, алар аймактагы коопсуздук жана Кыргыз мамлекети менен Ирандын экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүү маселелерин талкуулашмакчы.

"Мен сиз менен Кыргыз жеринде көрүшкөнүмө кубанычтамын. Мен ошондой эле сиз менен эки тараптуу маселелерди, региондук коопсуздук жана экономикалык өнүгүү маселелерин талкуулоо мүмкүнчүлүгүнө кубанычтамын", - деди Атамбаев.

Ирандын лидери өз кезегинде Кыргыз жергесине расмий иш сапары менен келгенине ыраазы экенин белгиледи.

"Бүгүн биз кыргыз элинин мейманы болгонубузга кубанып турам. Биз дайыма кыргыз элин бирдей окшош цивилизациясы бар, дос эл катары билебиз. Сиздин өткөн жылы Иранга расмий иш сапарыңыз биздин карым-катнаштардын жаңы горизонтторун ачкан", - деди.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, эки тарап тең Кытай-Кыргыз мамлекети-Тажикстан-Ооганстан-Иран темир жолунун курулушуна кызыкдар. "Бүгүнкү күндө иран-кыргыз соода-экономикалык мамилелери туруктуу, бирок жетишерлик эмес деп бааланат, анткени эки өлкөнүн тиешелүү мекемелеринин ортосунда жана соода тармагында түз байланыштар жок болууда", - деп айтылат маалыматта. Мындан тышкары кыргыз тарап Иран менен кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн керектүү шарттарды түзүп берүүгө даяр экенин билдирет мекеме.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: