super.kg logo

Бишкек-Ош унаа жолунун Ала-Бел ашуусунда кар көчкү түшүп, жол каттамы жабылды

 

Бүгүн, 23-декабрда саат 09:20да Бишкек-Ош унаа жолунун 224-чакырымында - Ала-Бел ашуусунда көлөмү 12 600 метр куб кар көчкү түшүп, аталган чакырымда жол каттамы жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

"№23-Жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч, 1 грейдер, 1 Ротор жана 1 МАЗ унаасы тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат. №97-Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын куткаруучулары жол тазалоого жардам көрсөтүүгө жөнөп кетишкен", - деп айтылат маалыматта.

Транспорт жана жол министрлигинин маалыматы боюнча, кар көчкүнүн узундугу 300, бийиктиги 3-4, туурасы 12-14 метр. Кар көчкү Мерседес-Гигант унаасын жолдун четине сүрүп чыккан. Жабыркагандар жок. Болжол менен 5-6 саатта тазаланып бүтөт.

Ошондой эле маалыматта Ош-Сары-Таш унаа жолунун 177-чакырымына кар көчкү түшүп, көлөмү такталып жатканы жазылат. Тазалоо иштерине 1 унаа тартылган. Бул жол аталган чакырымда эки тараптан жабык.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: