super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 23-ДЕКАБРЬ: 121 жыл мурун Букачар жылдызын, 10 астероид жана 2 кометаны ачкан англиялык астроном Жон Хайнд көз жумган

 

Мындан 121 жыл мурун, 1895-жылы 23-декабрда Букачар жылдызын, 10 астероид жана 2 кометаны ачкан англиялык астроном Жон Хайнд Лондондун Твикенхэм шаарчасында 72 жашында көз жумган.

Астроном 1823-жылы 12-майда Англиянын Ноттингем шаарында төрөлгөн. 17 жашында Лондон шаарына барып, жарандык инженердин кесибин өздөштүрөт. 1840-1844-жылдары Гринвич обсерваториясынын метеорологиялык бөлүмүндө иштеп, 1844-1853-жылдары Жорж Бишоптун жеке менчик обсерваториясында жетекчилик кызматты аркалаган.

Жон Хайнд астероиддерди изилдеген эң алгачкы окумуштуулардын бири болгон. Ал Падышалык астрономиялык коомдун алтын медалы менен сыйланган. Анын урматына Айдагы кратерге жана №1897-астероидге ысымы ыйгарылган. Мындан тышкары ал 1851-жылы 28-июлда Күн тутулуп жаткан учурда Күндүн сыртындагы атылып чыгарылуучу ысык газдарды биринчи болуп байкаган.

23-декабрга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: