super.kg logo
  Саясат  

БШКнын 1 мүчөсү референдум жыйынтыгына толук макул эмес

 

БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева 11-декабрда өткөн референдумдун жыйынтыгына толук макул эмес. Ал референдумдун жыйынтыгына өзгөчө пикир билдирүү менен макул болду. Журабаева Конституцияны өзгөртүү боюнча үгүт жүргүзүү үчүн мамлекеттик ММКлардан бирдей мүмкүнчүлүк берилбегенин, студенттерди мажбурлап референдумга алып келүү фактылары болгонун, жашыруун добуш берүү талаптары сакталбаганын айтат. Жергиликтүү кеңешке шайлоо өтпөгөн аймактарда шайлоочулар добуш берүүгө аз келгенин, бул референдум өткөрүүгө эл кызыкдар болбогонунун белгиси экенин да билдирди.

Белгилей кетсек, БШК 22-декабрда Кыргыз Республикасынын Конституциясын өзгөртүү боюнча 11-декабрда өткөн референдумдун жыйынтыгын чыгарды. Референдумга добуш берүүчүлөрдүн 42,28 пайызы катышканын, анын 79,63 пайызы "макул" деп добуш бергенин жарыялады. Расмий түрдө референдумду өттү деп тааныды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: