Медетбек Айдаралиев Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы болуп дайындалды
Медетбек Айдаралиев Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-декабрда өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык, Айдаралиев Медетбек Курбанбаевич мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы болуп дайындалды.
Айта кетсек, буга чейин Медетбек Айдаралиев Жалал-Абад облусунун Аксы районунун акими кызматын ээлеген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

