super.kg logo

Бишкекте "Ош базарында" кармалган 9 уйдун эти лабораторияга жиберилди

 

Бишкекте "Ош базарында" 9 уйдун эти жүктөлгөн унаа кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-декабрда Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциянын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекция атайын рейд жүргүзгөн. Рейддин алкагында "Ош базардан" 9 уйдун эти жүктөлгөн унаа кармалды. Жүктөлгөн эттер түшүрүлүп, атайын лабораторияга жөнөтүлдү. Азырынча эттердин сапаты боюнча жыйынтык чыга элек", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, уйдун эттери Каракол шаарынан алынып келинген. Жергиликтүү мал доктурлар жүктөлгөн эттерге тиешелүү документтерди берген.

Эске салсак, буга чейин жарандык активисттер "Ош базарында" өлгөн малдын эти сатылып жатат деп айтып чыккан. Ал эми Бишкек шаардык мэрия рейд жүргүзүп, өлгөн малдын эти "Ош базардан" табылбагандыгын маалымдаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
23.12.2016. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мэриянын козу коз эмей эле жылчык болуп калганго кандай эле жаман эттерди корбой калды? Бийликтегилер озу каалаган нерсени корот,коргусу келбеген нерсени козго сайып жетелеп барып корсотсо да корбойт. Акыйкаты жок арам менен адалдын,ак менен каранын айырмалай билбеген акча учун ыйманын жоготуп,байлык деп ынсаптан кеткен кор пенделер.
24.12.2016. 00:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Караколдон келген таза эттер болсо керек,,олгон малдыкын ал жакка алпарып ХХХ???жолуна эле чыгып кетпейби Бишкектин тегерегинде олсо алып барышат го менимче..мэрия тиги бизнесменди жаап жашырып табылган жок деп атат,,колбасный цехтерди,гамбургер кебап жасагандарды текшерсе точно чыгат олгон малдыкы...
Модератор admin_portal түзөттү 2016-12-24 11:10:43
26.12.2016. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kroxa, этика нормаларын сактаңыз!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: