Бишкек-Ош унаа жолуна экинчи ирет кар көчкү түшүп, досун күткөн жарандын унаасын оодарып кетти
Бишкек-Ош унаа жолунун 224-чакырымында саат 10:40та экинчи ирет кар көчкү түшүп, жүк ташуучу унааны оодарып кетти. Бул тууралуу Транспорт жана жол министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, анын узундугу 150, туурасы 12, бийиктиги 3 метр, көлөмү 5400 метр кубга жетет.
"Кар көчкү кооптуу аймактан кетпей, досун күткөн жарандын Mersedec Gigant жүк ташуучу унаасын сүрүп, оодарып кетти. Ичиндеги айдоочу менен жүргүнчү жеңил жаракат алып, медицина кызматкерлери тарабынан биринчи жардам көрсөтүлгөн", - деп жазылат маалыматта.
Бул кар көчкү саат 11:25те толугу менен тазаланып, жол ачылган. Ал эми бүгүн аталган жолго саат 09:20да түшкөн кар көчкү тазаланып жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
abusait

23.12.2016. 14:56
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аман калганынарга мин мертебе шугур.. . Калганы колдун кири . Иштесенер таап аласынар .
abusait түзөттү 2016-12-23 15:18:10
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.