ИИМ: "УКМКнын кызматкери баңгизат менен кармалды"
23-апрелде Бишкек шаардык ИИББинин кызматкерлери тарабынан Бишкектин көчөлөрүнүн биринен шектүү катары Ниссан үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, тинтүү жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында унаа ичинен 24 грамм баңгизат табылды. Аталган мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, текшерүүнүн жүрүшүндө унаанын айдоочусу УКМКнын Баткен облусундагы кызматкери экендиги белгилүү болду. Андан соң аталган кызматкерди медициналык экспертизадан өткөргөндө анын баңгизат колдонуп жүргөндүгү да аныкталган. Учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тийиштүү иштер жүргүзүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Сиздин эскертүү сызыгыңыз толгондугуна байланыштуу сайттан түбөлүк четтетилдиңиз.