Москвадагы өрттөн кыздарды куткарууга аракеттенген жарандар Ардак грамота менен сыйланышты






Кечээ, 22-декабрда Кыргыз Республикасынын Орусия Федерациясындагы элчилигинде үстүбүздөгү жылдын 27-августунда Москвадагы Алтуфьев шоссесинде жайгашкан “Печатный экспресс” басмаканасында чыгып, 14 кыргыз кызынын өмүрүн алган өрттө кыргыз жарандарын куткарууда көрсөткөн каармандыктары үчүн Кыргыз Республикасынын жана Орусия Федерациясынын жарандарын КРнын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйлоо салтанаты болуп өттү. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы бүгүн, 23-декабрда кабарлады.
"Биздин мекендештер жана москвалык жарандар өкмөттүн Ардак грамотасы менен сыйланышты. Элчи Болот Отунбаев Ардак грамоталарды тапшырып жатып, мындай оор кырдаалдарда активдүү жарандык позициясын, каармандыгын жана эрдигин көргөзгөн азаматтарга терең ыраазычылыгын билдирди", - деп жазылган маалыматта.
Иш-чаранын катышуучулары аталган өрттөн каза болгон жарандарды 1 мүнөткө тунжуроо менен эскеришкени маалым болду.
Сыйлангандардын тизмеси:
- Азизбек Абдыгапар уулу
- Маматсабыр Алимбек уулу
- Азамат Ахматов
- Александр Борисов
- Махамат Заиров
- Юрий Лугвин
- Таалайбек Марип уулу
- Жоомарт Урматбек уулу
- Александр Хван
- Аширбек Шакиров






1 |