ЖЫЛНААМА, 23-ДЕКАБРЬ: 7 жыл мурун Орусиядагы шахтада жарылуу болуп, 9 адам курман болгон
Мындан 7 жыл мурун, 2009-жылы 23-декабрда Орусиянын Свердлов облусунун Төмөнкү Тагил шаарындагы "Естюнинская" кенинде жарылуу болгон. Анын кесепетинен 9 адам каза тапкан. Окуя учурунда шахтада 123 киши иштеп жаткан, куткаруучулар 114 адамды сыртка чыгарууга жетишип калышкан.
Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, жарылуунун келип чыгуу себеби аныкталган. Жумушчулар кен иштелип чыгуучу жерге ичинде жардыргыч заты бар эки кичинекей вагонду алып барышкан. Бирөөнүн ичинде 3 тонна аммонит, экинчисинде 1 тонна жардыргыч зат жана детонаторлор болгон. Анын үстүнө үзүлүп кеткен ток кабели түшүп, өрт чыгып, детонаторлор иштеп кеткен.
23-декабрга карата жылнаама.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:30
2025-07-10
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.