Мурунку ички иштер министри Болотбек Ногойбаев 61 жаш курагында көз жумду

2007-2008-жылдары Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри кызматын аркалаган Болотбек Ногойбаев бүгүн, 24-декабрда дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына министрликтин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов билдирди.
Анын айтымында, Ногойбаевдин оору менен алышып келатканына көп болгон. Маркумдун сөөгү дүйшөмбү күнү жерге берилмекчи.
Кошумчалай кетсек, Болотбек Ногойбаев 1955-жылы Чүй облусунун Тельман айылында туулган. Укук таануу боюнча адистикке ээ болуп, кийин Москвадагы ИИМ академиясында билим алган. Көп жылдар бою милицияда иштеп, 2007-2008-жылы ички иштер министри кызматын аткарган.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:41
2025-07-04

10:20
2025-07-04
10:18
2025-07-04

Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
Aliya2015

24.12.2016. 19:25
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Арты кайрылуу болсун! Бизге Юридический Академияда сабак берген, сабактарын аябай кызыктуу өтөр эле, ушул агайдын сабактарын калтырбай барчумун.
zhykyo

25.12.2016. 00:44
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун убагында иштедим эле жакшы киши болчу
zhykyo түзөттү 2016-12-25 00:46:32
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.