super.kg logo
  Спорт  

Данияр Көбөновдун Америкада жүргөнүн машыктыруучусу тастыктады

 
  Грек-рим күрөшү боюнча КРнын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Эмил Алыкулов super.kg‘ге командадагы соңку кабарлар менен бөлүштү. Бизди эң оболу машыктыруучунун Данияр Көбөнов, Жанарбек Кенжеев жана Руслан Түмөнбаев АКШга кетти деген маалымат тууралуу ою кызыктырды. Э.Алыкулов мындай маалыматты тастыктап: “Данияр Көбөнов, Жанарбек Кенжеев жана Руслан Түмөнбаевдин АКШда жүргөнү чын. Алар Нью-Йорктун ачык чемпиондугуна катышып келишет”,- деп билдирди. Анын айтымында, Лондон Олимпиадасынан кийин 4 жылдык олимпиадалык цикл аяктап, курама команданын негизги курамындагы балбандар ден соолуктарын калыбына келтирип жүрүшөт. Алар жеке берилген план боюнча ар кимиси өз алдынча жеңил машыгууларды өткөрүшүүдө. Ал эми команданын 2-курамы Нурсултан Назарбаевдин кубогуна жөнөп жаткандыгы маалым болду. 16-19-ноябрь күндөрү Астанада өтүүчү эл аралык мелдеште кыргыздын намысын төмөнкү балбандар талашат: Калыбек Жолчубеков (55 килограмм), Алексей Ялома (60), Роман Царев (66), Руслан Царев (74), Азат Бейшебеков (84), Камбар Жоробеков (96) жана Мурат Рамонов (120). 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: