super.kg logo

Бишкек-Ош, Нарын-Казарман унаа жолдорунда кар көчкүнү атайылап түшүрүү иш-чаралары 25-декабрда башталды

 

Жалпы пайдалануучу автоунаа жолдорундагы кар көчкүлөрүнүн коркунучун жоюу максатында 25-декабрдан 29-декабрга чейин Бишкек-Ош (132-137 жана 198-250-чакырымдары) жана Нарын-Казарман (44-45 жана 67-94-чакырымдары) автоунаа жолдорунда кар көчкү коркунучу бар аймактарында кар көчкүлөрүн атайылап түшүрүү боюнча иш-чаралар башталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

"Иш-чара 25-декабрь күнү саат 13:00дөн тарта башталды. Кар көчкүнү атайылап түшүрүү иш-чараларына КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын артиллериялык тобу тартылган. Кар көчкү түшүрүлүп жаткан тилке убактылуу жабылат, Бишкек-Ош унаа толугу менен жабылбайт.

Ал эми Транспорт жана жолдор министрлиги кар көчкүнү атайылап түшүрүү боюнча иштерди жүргүзүүдө өз убагында жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун кардан тазалоону камсыз кылат. Ички иштер министрлиги аба ырайы кескин өзгөрүлгөндүктөн кар көчкүлөрдү атайылап түшүрүү мезгилинде автоунаа каражаттарынын кыймылын коопсуз аралыкта убактылуу жабууну жана жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда кар көчкүлөрдүн алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу иштери жүргүзүлүп жаткан жерлерде коомдук тартипти сактоону камсыз кылат", - деп айтылат маалыматта.

Маалыматка ылайык, Саламаттык сактоо министрлиги артиллериялык топту иш-чаранын аякташына чейин тиешелүү медицина кызматкери коштоп жүрөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: