Орусиядагы кыргыз элчилиги террордук окуялардан улам мекендештерди сак болууга чакырды

Бүгүн, 25-декабрда Орусиядагы Кыргыз Республикасынын элчилиги террордук окуялардан улам мекендештерди сак болууга чакырды.
"Акыркы кездерде ар кандай террордук окуялардан улам, тактап айтканда, Германия Федеративдүү Республикасында үстүбүздөгү жылдын 20-декабрында Берлин шаарынын так ортосунда оор жүк ташуучу унаа адамдар топтошуп турган жерге тикелей айдап, анын кесепетинен 12 киши каза болуп, 50 адам ар кандай мүнөздөгү жаракат алган. Ошондой эле жакында Түркияда болгон террордук окуяга байланыштуу мекендештерибизди коопсуздуктун бардык тартибин сактап, чараларын көрүүгө, көчөдө, унаада абайлап жүрүүгө, сак болууга, эл көп топтолгон жерден оолак болууга чакырабыз", - деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, Түркияда Орусиянын элчиси атылып өлтүрүлгөн.


Ооба, туура айтасыз! Ал жардырууларды ансыз деле интернетиен окуп билип эле олтурат. Тим эле мигрантка куйгон адам болгонун хммм....Андан коро жардам колун сунгандарга жардам берсин пайдалуураак.