super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: Ош облусунун Араван районунда шайлоо маалында иштеген кызматкерлер маянасын албаганын айтышууда

 

Бүгүн, 26-декабрда Ош облусунун Араван районунда шайлоо маалында иштеген кызматкерлер маянасын албаганын SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдиришти.

"Ош облусунун Араван районунда жакында өткөн шайлоодо иштеген операторлор бир эле бул шайлоодо эмес, мурдагы шайлоолордо иштеген эмгек маянасын ала албай келишет. Шайлоого чейин көптөгөн убадалар айтылган. Каттоо кызматына да, акимчиликке да кайрылсак, жооп бербей качып жатышат. Андан сырткары шайлоого чейинки жана ошол күнкү бир да чыгымдарды өкмөт көтөргөн жок. Шайлоодо иштөө татаал болду, себеби жүздөгөн адамдардан сөгүш, уруш укканга мажбур болдук. Каттоо кызматынын ошол күнү берген жабдуулары иштебей калган учурда түшүнбөгөн эл ар кандай иштерге барды. Эмгек акыбызды батыраак берүүсүн суранабыз. Кээ бирибиз ошол күндүн чыгымдарын насыя менен бүтүргөнбүз", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
26.12.2016. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Милицияга арыз жазып кайрылгыла. Алдын ала түзүлгөн келишим барбы колуңарда ?
Сарпашев мактанып жатпады беле, маянаны беребиз деп.
26.12.2016. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Шайлоо жайлоо алдоо.
26.12.2016. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биз быйылкы эмес былтыркыныда алалбай жүрөбүзго.Бизда былтыры оператор болуп иштеп айлык алаарда шеригим экөөбүзгө силер Бир Болдун адамы экенсинер деп бербей коюшкан.Колубузда келишим бар туруп, биз эмес каяктагы адамдар алып кеткен. Быйылкыныда ошентип бербей коет окшойт. Түкүрдүм ошол бийлике!!!
mentol түзөттү 2016-12-26 17:04:06
26.12.2016. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Гымыйып бироо жеп койдуда чонурааааааааагы...дагы кичине салмак кошуп.
26.12.2016. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сарпашевтен сурагыла ошол кылат баарысын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: