Жайыл райондук сотунун судьясы Улан Араев кызматтан бошотулду
Чүй облусунун Жайыл райондук сотунун судьясы Улан Араев мөөнөтүнөн мурда ээлеген кызматынан бошотулду. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, тиешелүү жарлыкка бүгүн, 24-апрелде президент Алмазбек Атамбаев кол койду. Маалыматка ылайык, Улан Араев бул кызматтан өз каалоосу менен баш тарткан. Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
Рейтинг:
0

