super.kg logo

Өткөн жумада Москвадагы убактылуу кармоочу атайын жайда кыргыз жарандарынын саны 91ге барабар болду

 

Өткөн жумада Москвадагы убактылуу кармоочу атайын жайда Кыргыз өлкөсүнүн жарандарынын саны 91ге барабар болду. Бул тууралуу Орусиядагы Кыргыз Республикасынын элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

"23-декабрда элчиликтин өкүлү, юрист жана Москва шаарындагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү чет өлкөлүктөрдү убактылуу кармоочу атайын жайга барып, кыргыз жарандарын Жаңы жыл майрамы менен куттуктап, 3 айдан бери кармалып жаткандары менен жолугушуу өткөрүштү. Алардын ар бирине көпкө чейин кармалгандарынын себептери түшүндүрүлдү", - деп жазылат маалыматта.

Маалыматка ылайык, ал жайда 91 кыргыз жараны бар болсо, 10у өздөрүн башка бирөөнүн маалыматтары менен тааныштырышканы үчүн кармалышкан.

Убактылуу кармоочу атайын жайдагы Кыргыз Республикасынын жарандарына диаспоранын күчү менен ысык тамак уюштурулганы маалым болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
27.12.2016. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошол учун ээ боло берет дебестен озгонун законун сыйлап озуно бек болуп документерди толуктап так алып журуш керек. Биздикилер толтурада без документ журушот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: