super.kg logo

Бишкекте "Ош базарына" 9 уйдун этин жүктөп келген ишкерге айып салынды

 

Бишкекте "Ош базарына" адам ташуучу автобуска 9 уйдун этин жүктөп келген ишкерге 2 миң сом айып салынды. Бул тууралуу бүгүн, 27-декабрда SUPER.KG порталына Бишкек шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын директорунун орун басары Шамен Сыдыков билдирди.

"Ош базарына" алынып келинген 9 уйдун эти лабораториядан таза чыкты. Сапаты жагынан талапка жооп берет. Жеке ишкерге эл ташыган автобуста эт жүктөп келгени үчүн 2 миң сом айып салынды. Ал эми этти ээсине кайтарып бердик", - деди Сыдыков.

Шамен Сыдыковдун маалыматына ылайык, базарга алынып келинген уй эттерине Каракол шаардык ветеринардык жана фитосанитардык кызматынан берилген документтер болгон.

Эске салсак, 23-декабрда Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясы рейд жүргүзүп, борбор калаадагы "Ош базардан" 9 уйдун эти жүктөлгөн унаа кармалган. Маалым болгондой, жарандык активисттер 19-декабрда "Ош базарында" өлгөн малдын эти сатылып жатканын айтып чыгышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
27.12.2016. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Ээсине кайтарып бердик деп коесунар да. Ээси уйуно апарып алып тиктеп отурабы. Ошо Ош базардале откоруп жиберет. Силер жазсанар эле эл ишенеби? Азыр эл эмнеге ишенишин бир гана оздору билип калгааан
27.12.2016. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Жок ал 9 уйдун эти таза документтери бар дейт сата беретда андан башка олгон уйдун эттерин жаап жашырып салышты Караколдон барган эттер крайный болуп факты болуп берип ишин жапты булар...
27.12.2016. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
2000мин сом пффффф
27.12.2016. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акча бар эч качан пара берген токтобойт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: