super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Текебаев: "Абдил Сегизбаев Белизден келген документти мага бербей жатат"

 

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Абдил Сегизбаев Белизден келген материалдарды депутат Өмүрбек Текебаевге берүүдөн баш тартып жатат. Бул тууралуу 27-декабрда маалымат жыйынында депутат Өмүрбек Текебаев өзү билдирди.

Айтымында, УКМК төрагасы "сыр" деген статуска таяп документтерди бербей жатат. "Сегизбаев Жогорку Кеңештен жана телеканалдардан аталган материалдарды элге жарыялаган. Демек, "сыр" деген статусун жоготкон. Биз чет өлкөлүк юридикалык компания менен келишим түзүп, бул ишти териштирдик. УКМК жарыялаган документтер жасалма экенин аныктадык. Ошондуктан биз Башкы прокуратурага кайрылып, Сегизбаевди кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылабыз. Анткени ал мыйзамдарды бузду", - дейт Текебаев.

Эскерте кетсек, 2016-жылдын 14-ноябрында президент менен жолугушууда УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев Белиз мамлекетинин расмий органдарынан апостиль алынганын, ал документтер 2012-жылы жогорку кызматта турган 3 адам "Мегакомдун" акцияларын сатуудан түшкөн 50 миллион доллардан ашык акчаны оффшордук компанияга чыгарууга кызыкдар болгонун күбөлөндүрөрүн айткан эле. Документте депутаттар Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Салянованын аттары аталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: