ЖЫЛНААМА, 27-ДЕКАБРЬ: 3 жыл мурун Таиландда 29 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталган
Мындан 3 жыл мурун, 2013-жылы 27-декабрда Таиланддын түндүк-чыгышындагы Пхетчабун провинциясында туристтердин автобусу жол кырсыгына кабылган. Чианграй провинциясына сапар алган автобустун айдоочусу рулду башкарып баратып уктап калган. Катуу ылдамдыкта жүрүп бара жаткан автобус 30 метр бийиктиктен капчыгайга кулап түшкөн. Жалпысынан анда 40 жүргүнчү болсо, кырсык болгон жерден куткаруучулар 28 адамдын сөөгүн табышкан. Калгандары оор абалда бейтапканага жеткирилген. Ооруканадан дагы бир адам көз жумган.
27-декабрга карата жылнаама.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:00
2025-07-16
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.