super.kg logo

Ош шаарында балдар үчүн уюштурулган балаты майрамы жыйынтыкталды

 

Ош шаарында балдар үчүн уюштурулган балаты майрамы жыйынтыкталды. Бул тууралуу бүгүн, 27-декабрда Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Жаңы жылдык балатыга аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, балдар үйүндө тарбияланып жаткан наристелер, көзү азиздер үчүн адистештирилген мектептин окуучулары жана шаардагы алдынкы окуучулар чакырылган. Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев келечек муундун өкүлдөрүн билимдүү болууга үндөп, Жаңы жылы менен куттуктады", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө Аяз ата, Аяз кыз, токой жаныбарларынын образын жараткан каармандар, жомоктогу каармандар ыр ырдап, наристелерге майрамдык маанай тартуулашты. Ошондой эле балдарга таттуулар таратылды.

Эске салсак, жаңы жылдык балатыда 160тан ашуун балага Ош шаардык мэриясынын атынан белектер тапшырылды. Белектерге чыгымдалган каражат 130 миң сомго жеткен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: