super.kg logo

Өлкө боюнча кайсы шаардын балатысы бийик? (инфографика)

 
Талас шаарынын балатысы
Нарын шаарындагы балаты
Чолпон-Ата шаарынын балатысы
Баткен шаарынын балатысы
Кербен шаарынын балатысы
Токмок шаарынын балатысы

Дүйнө жүзү боюнча белгиленген Жаңы жыл майрамы жакындаган сайын Кыргыз жергесиндеги шаарлар, райондор көчөлөрүн жасалгалап, борбордук аянттарына балатыларды орнотуп жатышат. 2017-жылды тосууга өзгөчө камылга көргөн шаар Бишкек болду. Борбордун көчөлөрүн, "Ала-Тоо" аянтын кооздоого, балатыны орнотууга эле 13 миллион сом бөлүнгөн.

Ал эми өлкөбүздүн экинчи борбору болгон Ош шаарынын мэриясы 30 метрлик балаты менен борбордук аянтты 899 миң сомго жасалгалаган.

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын балатысы 75 миң сомго орнотулган. Анын бийиктиги - 10 метр, диаметри - 5 метр.

Каракол шаарынын балатысын орнотууга 100 миң сом бөлүнгөн. Бийиктиги - 20 метр.

Талас шаарына 96 миң сомго көк карагай орнотулган, анын бийиктиги 10,5 метрди түзөт."Балаты борбордук аянттын батыш тарабындагы музыкалык мектептин тушуна орнотулду. Гирлянда, шар, светодиоддук кар бүртүкчөлөрү жана светодиоддук жасалга менен кооздолгон", - деп билдиришти Талас шаарынын мэриясынан.

Нарын шаарына 2 балаты орнотулган. Балатыларга жана шаар ичин жасалгалоого жергиликтүү бюджеттен 150 миң сом бөлүнгөнүн айтат өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Айнура Дүйшөк кызы.
"Борбордук аянтка бийиктиги 18 метр балаты орнотулду. Ушундай эле балаты "Ала-Тоо" стадионуна орнотулган, себеби ал жакка шаардыктар үчүн муз аянтчасы да уюштурулуп, эс алууга ылайыкташтырылган", - дейт А.Дүйшөк кызы.

Баткен шаарындагы балатынын бийиктиги 11,5 метрди түзөт. Шаарды көрктөндүрүү иштери менен Жаңы жыл күнү өтө турган оюн-зоок программасына жалпысынан жергиликтүү бюджеттен 114 миң сом бөлүнгөн.

Токмок шаарынын балатысынын бийиктиги 13 метр болсо, диаметри 6 метрди түзөт. Балатыны орнотууга, аны жана борбордук аянтты кооздоого 32 миң сом бөлүнгөн.

Кербен шаарына бийиктиги 15 метр болгон балаты орнотулган.

Жалал-Абад шаарын Жаңы жылга карата жасалгалоо үчүн жалпысынан шаар бюджетинен 600 миң сом каралган. Майрамдык салтанатка жасалгалоо иштери алгач борбордук аянтка бийиктиги 20 метрди түзгөн балатыны тургузуу менен башталган.

Ошондой эле Балыкчы шаарына бийиктиги 12 метрлик балаты коюлду, жасалгалоого 1500 метрден ашуун гирлянда кетип, кар бүртүкчөлөрү, жарыктандыруучу элементтер менен кооздолгон.

"Балатыны орнотууда шаарыбызга мүнөздүү катуу шамалдын күчүн да эске алуу зарыл болду, себеби ал жасалгаларды учуруп же сындырып кетиши мүмкүн. Балатыны жасалгалоого атайын 12 дизайнер чакырылган. Ошондой эле борбордук аянтта балатыдан тышкары "2017" деген жазуусу менен жаңы жылдык инсталляция коюлган", - деп билдиришти мэриянын басма сөз кызматы.

ИНФОГРАФИКА






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(43)
30.12.2016. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Баткендикинде насвайлар илинип турабы?
30.12.2016. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
aydarov...,Козунду Чонураак ачып карачы?
30.12.2016. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
aydarken,кээ бир шаарларга караганда исфана шаарыныкы жакшы болуптур...
30.12.2016. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
aydarov..., Токмок шаарынын мэри чынчылыраак иштейт экен 32000 сом эле коротуп. Бир балаты учун 13000000 сом ишениш кыйын, кобу чонтокко кетти да.
glaz_almaz түзөттү 2016-12-30 15:33:35
31.12.2016. 01:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тарбиян жоктугунан ушундай
создорду суйлойсун, элдин болгон
кыргызстанды душманы,
сага окшогондорду жоготсо
коом онолот эле
30.12.2016. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Бишкек мэриясы ысырапкерчилик жана коррупция боюнча ар дайым биринчи!!!
30.12.2016. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Revolyutsiya, туура айтасын. Токмоктун балатысы эле акчасына жарашыптыр.
30.12.2016. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Бишкек менен Оштун балатысынан башка жердегилер бүт эле эптеп акча жемей болгон го тоодон кыйып келип орнотуп койгондой экен.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: