Бишкекте жол кырсыгы катталып, бир айдоочу жабыркады
Бишкекте жол кырсыгы катталып, бир айдоочу жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 28-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 27-декабрь күнү Бишкектеги Бах менен Боронбаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда Хонда жана Субару үлгүсүндөгү эки унаа сүзүшкөн. Окуя болгон жерге Бишкек шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары барышып, Хонда үлгүсүндөгү унаанын айдоочусун унаадан алып чыгышып, "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.