Түркияда катуу сабалып, эсине келбей жаткан кыз кыргыз экени айтылууда



Социалдык тармактарда Анталияда кыргыз кызы катуу сабалып, эс-учу жок абалда табылганын жазышууда. Анталияда иштеген кыргыздардын айтымында, ал кызды 21-декабрда Коркутели районунун жолунан таап, ооруканага алып барышкан.
"Катуу сабап кетишиптир, учурда ооруканада комада жатат. Жанында документтери жок экен. Нарындан келгенин болжолдоп жатышат. Балким, туугандары же тааныштары көрүп калышат, өздүгүн тактоого жардам керек болууда", - деди SUPER.KG порталына Анталиядагы мекендешибиз Элина Эргешова.
Ал эми Кыргыз Республикасынын аталган өлкөдөгү консулу Руслан Молдакунов азырынча ал кыздын улуту тактала электигин билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:30
2025-07-03
15:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

-Оз башым озумдо сенин ишин болбосун акыл айтчу сен эмессин, акыл айткыдай сен ким болуп калыпсын дейт сиз айткан макал боюнча бир аз текшерип коргом...
Эгер коз салып карасан талаалап жургон аялдардын 1/3 гана уй-булоолуу аялдар. Дагы 1/3 турмушка чыга элек, 1/3 турмуштан ажырашкандар. Алардын талаалап жургону учун эркектерди куноолонун кереги жок.
Ар пенде бул жашоодогу кылган-эткендерине тиги дуйнодо жалгыз озу жооп берет эмеспи Кудай алдында. Таяктагандардыкы туура эмес да.