ЖЫЛНААМА, 28-ДЕКАБРЬ: 2 жыл мурун Индонезияда учак кырсыкка учурап, 162 адам курман болгон
Мындан 2 жыл мурун, 2014-жылы 28-декабрда A320-216 учагы Индонезиянын Сурабая шаарындагы "Сидоарджо" аба майданынан учуп чыгып, Сингапур мамлекетине багыт алган. Анда 155 жүргүнчү жана экипаждын 7 мүчөсү болгон. Учак Явань деңизинин үстүндө учуп баратканда катуу жаан жаап жаткан. Аэропорттон чыккандан 33 мүнөт өткөндө, Калимантан жана Ява аралдарынын ортосунан учак радар бетинен жоголуп кеткен. Бир нече мүнөт өткөндөн кийин экипаж менен болгон байланыш дагы үзүлгөн. 2 күн өткөндөн кийин гана куткаруучу кемелер деңизден авиалайнердин калдыктарын жана 106 жүргүнчүнүн жансыз денесин табышкан. Кырсык техникалык мүчүлүштүктөн жана экипаждын катасынан улам келип чыккандыгы аныкталган.
28-декабрга карата жылнаама.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:38
2025-07-13

12:11
2025-07-11

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.