super.kg logo
  Саясат  

Тайванга барып келгени үчүн Нурбек Алимбеков вице-спикерликтен кетти

 

Нурбек Алимбеков Жогорку Кеңештин вице-спикери кызматынан кетти. Бул тууралуу ал өзү парламент жыйынында билдирди. Төрага Чыныбай Турсунбеков ага ийгилик каалап, Алимбеков кемчилик кетирген учурларда күнөөнү моюнуна алганын баса белгиледи.

Айта кетсек, бүгүн, 28-декабрда парламент жыйынында төрага Чыныбай Турсунбеков "Жогорку Кеңештин депутаттарынын Тайвань аралына иш сапары менен барып келишкени кыргыз-кытай мамилелерине көлөкө түшүрүп жатат" деп нааразычылыгын билдирген.

Тайванга барып келген депутаттардын арасында Нурбек Алимбеков болгон. Ал иш сапар эч кандай саясий же экономикалык мүнөздө болбогондугун айткан. "Тайвандан жеке чакыруу болгон. Биз ооруканалардын ишмердүүлүгү менен таанышуу максатында барганбыз. Расмий документтерге кол койгон эмеспиз", - деген Тайванга барып келгендердин бири Мирлан Бакиров.

Айта кетсек, Кытай Республикасы (Тайвань) 1912-жылы түзүлүп, 1949-жылга чейин континенталдык Кытайдын жалпы аймагын башкарган. 1949-жылы жарандык согуштан кийин Кытай Эл Республикасы түзүлгөн. Ошол убактан бери Тайвань өзүн өз алдынча мамлекет деп санаса, Кытай Эл Республикасы аны мамлекет катары тааныбайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: