КҮНСЕРЕП: Депутаттардын элдин эсебинен жасалган пайдасыз саякаттары тыйылабы?
Бүгүн, 28-декабрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Жаңы Конституциянын нормалары 17 күндөн кийин иштеп баштайт. Президент Алмазбек Атамбаев 11-декабрда референдумда кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Мыйзам 2017-жылдын 15-январында күчүнө кирет. Ал эми премьер-министрдин жана парламенттин ыйгарым укуктары каралган 5 берене 2017-жылдын 1-декабрынан тарта күчүнө кирмекчи. Тагыраагы, өлкөдө жаңы президент шайлангандан кийин гана иштеп баштайт. Келерки президенттик шайлоо 2017-жылдын күз айларында өтөрү күтүлүүдө.
Дароо күчүнө кирбей турган беренелерде эмнелер жазылган? Конституциянын 70-беренеси “Парламенттик көпчүлүктөн чыгуу жөнүндө чечим фракциянын депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес добушу менен фракция тарабынан кабыл алынат. Ал чечимге фракциядан чыгуу үчүн добуш берген ар бир депутат кол коёт” деп толукталууда. Буга чейин Баш мыйзамда фракциялардын коалициядан чыгуу тартиби жазылган эмес эле. "Жогорку Кеңештин депутаты өкмөт мүчөсү болуп шайланса, депутаттык мандаты сакталуу бойдон калат. Өкмөт мүчөлүгүнөн бошотулган учурда кайра депутат болуп иштей алат" деген норма да 1 жылдан кийин күчүнө кирет. Кыскасы, премьер-министрдин бийлигин күчөтүүчү нормалар Атамбаев президенттиктен кеткенден кийинки өкмөт башчыга даярдалууда. Үстүбүздөгү жылдын октябрь айында депутаттар Конституцияны өзгөртүүнүн авторлорунан эмне үчүн премьердин жаңы ыйгарым укуктары 2017-жылдын декабрында күчүнө кирерин сурашканда, так жооп берилген эмес. КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов демилгечилер ага чейин учурдагы Конституция боюнча иштеп турууну чечкенин айтып чектелген.
Бүгүн мыйзамга кол коюлганын ММКларга кабарлаган президенттик аппарат да бул норма боюнча түшүндүрмө берген жок. Алмазбек Атамбаевдин президенттик мөөнөтү аяктаганда гана премьерге берилген жаңы укуктар иштеп баштамакчы. Конституцияны өзгөртүү үчүн референдумдар өткөрүлүп жүрсө да, мындай өзгөчөлүк өлкө тарыхында биринчи жолу болгону жатат...
Кыргыз-казак чек арасынан ветеринардык көзөмөлдү алууга Казакстан дагы эле макулдук бербей жатат. Бул жагдайды 26-декабрда Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышкан Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Олег Панкратов тастыктады. Жыйында Казакстандан Кыргыз мамлекетине жардам катары 100 миллион доллар бөлүү келишимине гана кол коюлуп, кыргыз тараптын ветеринардык көзөмөлдү алуу талабы бул жолу да аткарылган жок. 100 миллион долларды Кыргыз мамлекети өткөрүү пункттарын жана лабораторияларды ЕАЭБдин шартына ылайыкташтырууга жумшайт. Демек, ветеринардык көзөмөл жакын арада алынат деп күтүүнүн кереги жок. 100 миллион бөлүнүп, тийиштүү иштерди жасаганга кетчү убакыт сөз жок Казакстандын пайдасына иштейт. Кыргыздын эт-сүтү дагы эле чек арадан өткөрүлбөй, казактардын азык-түлүгү кыргыз рыногуна тоскоолдуксуз кирүүнү улантат.
Негизи, Казакстан 100 миллион долларды Кыргыз Республикасы ЕАЭБге кирери менен бериши керек эле. Бул каражатты алуу процедурасы Жоомарт Оторбаев өкмөттү жетектеп турганда башталып, тийиштүү макулдашуу Жогорку Кеңештен жактырылган. Коңшулар мурда айтылган жардамын берүүнү кечиктирип жатканы үчүн өлкөдө лабораториялар курулбай жатканын буга чейин президент Алмазбек Атамбаев бир нече жолу нааразычылык катары билдирген. Өлкөнүн альянска киргенине жакында 2 жыл болот, коңшулардын жардамына ишенген Кыргыз өлкөсүндө ЕАЭБдин талабына жооп бере турган лабораториялар менен өткөрүү пункттары качан ишке киргизилери бүдөмүк. "Ал акча максаттуу пайдаланылабы?" деген да суроо жоопсуз. Мисалы, "Жер-Үй" кенин сатуудан түшкөн 100 миллион доллар республикада 100 мектеп курууга коротулары айтылып, 2016-жылы II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата Балыкчы-Корумду жолун оңдоого жумшалып кеткени азыркыга чейин сындалып жүрөт. 100 мектептин ордуна 8 гана мектеп курулуп, 64 мектептин курулушу бүтпөй жатканын буга чейин "Күнсерепте" жазганбыз. Ошентип, үзүлбөгөн үмүт коңшулар бере турган 100 миллион долларда калды...
Парламент спикери Чыныбай Турсунбеков айрым депутаттардын Тайвань аралына иш сапары менен барып келиши кыргыз-кытай мамилесине көлөкө түшүрүп жатканын айтып, эл өкүлдөрүн чет өлкөгө чыгарда мамлекеттин позициясын эске алууга жана сапарды алдын ала макулдашууга чакырды. Кытай Кыргыз Республикасынын стратегиялык өнөктөшү экендиги чын, өлкөдө ири долбоорлордун көбү Кытайдан алынган карыздын эсебинен жасалып жатат. Бирок Кыргыз өлкөсү эгемендүү мамлекет катары тышкы мамилелерди башка өлкөлөрдүн маанайына карап эмес, мамлекеттин кызыкчылыгына жараша жүргүзүшү керек. Иш сапарлар - депутаттардын ишинин бир бөлүгү, депутаттар чет өлкөдөн көрүп-билип келген тажрыйбасынын негизинде мыйзам жазган учурлар да кездешет. Тайвань аралына барган депутаттар коркунучтуу эч нерсе жасабаганын, болгону аталган аймактын ооруканалары менен таанышканын айтышты. Тайванга барган депутаттардын бири, вице-спикер Нурбек Алимбеков бүгүн төраганын орун басарлыгынан кетти. Депутаттар тарабынан күнөө кеткенин моюндап ордун бошотту. Кытай Тайванды өз алдынча мамлекет катары тааныбайт, бирок Тайвань өзүн Кытайдан көз карандысыз өлкө деп эсептейт.
Иш сапарлар өлкөнүн аброю эле эмес, ириде мамлекеттик чыгым, андыктан депутаттардын тышкы сапарларын көзөмөлдөө туура көрүнүш. 2011-жылы ошол кездеги спикер Ахматбек Келдибеков менен Мамлекеттик каттоо кызматынын ошол маалдагы башчысы Жаныбек Бакчиев жеке учакта, мамлекеттик казынадан 70 миң доллар коротуп саякаттап келгенин Өмүрбек Текебаев айтып чыккан. Бул боюнча депутаттык комиссия түзүлүп, Бакчиев дем алыш күндөрү спикер менен бирге Астраханга барып келгенин тастыктоого аргасыз болгон. Келдибеков кийин Түркияга да жашыруун барып келгени айтылып, анда спикер ары-бери учууларын аттуу-баштуу достору каржылап жатканын айтып актанган. 2011-жылы спикер Келдибеков башында турган парламенттик делегация Малайзия жана Индонезияга иш сапары менен барып, ага 200 миң доллар коротулган. 36 адамдан турган делегациянын курамында Келдибековдун аялы, жеке дарыгери, фотографы, оператору, котормочусу жана жардамчылары болгону айтылып, катуу сынга кабылган. Депутаттар, эксперттер бул сапарды "максатсыз жана ашыкча ысырапкорчулукка жол берүү" деп айыпташкан. Экс-депутат Өмүрбек Абдрахманов бул сапарды "жөн эле конокко баруу" деп атаган. Сапардын максаты, натыйжасы көпчүлүккө белгисиз бойдон калган эле.
2012-жылдан 2015-жылга чейин Каржы министрлигин жетектеген Ольга Лаврова 2013-жылы иш сапарларында учак кызматтарын пайдалануу үчүн бюджеттен 630 миң сом жумшаганын Эсептөө палатасы айтып чыгып, коомчулуктун нааразычылыгы күчөгөн. Кызыгы, Лаврова аталган сумманы 6 жолу учууга гана жумшаган же бюджеттен 396 миң сом ашыкча жумшап жиберген. Мына ушундай ашкере ысырапкорчулукту, шектүү учууларды тыюу керек. Эл төлөгөн салыктын эсебинен чиновниктердин жеке максатта эл-жер кыдырып саякаттоосуна жол берилбеши керек. Жогорку Кеңешке ал көзөмөл коомчулук тарабынан жүргүзүлүшү шарт...
кошулду



