super.kg logo

Сузак районунун Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгы катталып, 4 адам каза болду

 

Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгы катталып, адам өмүрү кыйылды. Бул тууралуу бүгүн, 29-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"28-декабрь күнү саат 17:50 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 558-чакырымында жол кырсыгы катталды. Анда MAN үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа менен Honda Fit үлгүсүндөгү унаа кагышкан. Натыйжада жеңил унаадагы 4 адам: 2 аял, 2 эркек киши ошол жерден каза болгон", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, окуя болгон жерге Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл аймагынын тургундары жана ӨКМнын куткаруучулары барып, каза болгон адамдардын сөөктөрүн унаадан чыгарышкан. Алар медициналык "Тез жардам" кызматы тарабынан облустук оорукананын сөөктөрдү сактоочу бөлүмүнө жеткирилген. Коомдук тартипти сактоо кызматы MAN унаасынын айдоочусун Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүнө алып кетишкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
29.12.2016. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тообо кылдым!Жайлары жанната болсун!
29.12.2016. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Оор жук ташуучулар аябай жаман айдашат,жол беришпейт,албетте баары эмес,артында баратсан ортого тушуп алып откорбойт,же бир жакка бурулаарда "поворотникти"жандырбай эле буруп кетет,унаасын коломуно ишенишет окшойт,албетте алардын унаасы эч зыян тартпай,женил унаа донгологун сузот да,унаага очошпой ичинде адам бар деп ойлоно жургулочу.
29.12.2016. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жайлары жаннатан болсун, акыреттери абад болсун аллахым оз рахматына алсын. Жакындарына сабыр берсин
29.12.2016. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Хонда фит он рульду да,мандын алдынан чыга калганбы дейм,кудай жамандыктын бетин нары кылсын,олгондор жаткан жерлери жаннаттан болсун, жолдо абайлап журолу туугандар
29.12.2016. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
almazbei, туура айтасын... машина алып атканда учтуно бир аз акча кошуп лев руль эле алгылачы
29.12.2016. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сузак району эмес Базар коргон районунда турбайбы
10.01.2017. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин жапжаш классташым да ошол кырсыктан каза болду.Ким качан олоорун билбейт экенсин.Аябай окунучтуу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: