super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 29-ДЕКАБРЬ: 87 жыл мурун "Mercedes", "Maybach" компанияларынын негиздөөчүлөрүнүн бири Вильгельм Майбах көз жумган

 

Мындан 87 жыл мурун, 1929-жылы 29-декабрда немис автоконструктору, "конструкторлор падышасы" атка конгон Вильгельм Майбах Германиянын Штутгарт шаарында көз жумган.

Ал 1846-жылы 9-февралда Хайльбронне шаарында жарык дүйнөгө келген. 11 жашында жетим калып, 2 жыл жакыр үй-бүлөнүн балдары үчүн баш калкалоочу жайда окуган. Ал жерде чиймечи жана конструктор кесибине ээ болгон. 15 жашында Ройтлинген шаарындагы машина куруучу ишканада техникалык билим ала баштаган.

Ишкананын жетекчиси, немис инженери Готлиб Даймлер менен таанышып, чогуу иштешкен. 1900-жылга жакын Майбах австриялык ишкер Эмиль Еллинектин буюртмасы менен Мерседес унаасын жасап чыккан. Ал эми унаага Э.Еллинек өзүнүн кызынын ысымын ыйгарган.

9 жылдан кийин автоконструктор уулу Карл менен биргеликте "Майбахтын мотор куруусу" фирмасын негиздеген. Компания "Цеппелин" моторлорун чыгарып, кийинчерээк "люкс" классындагы автоунааларды чыгара баштаган. Унаалардын Майбах үлгүсү учурда "Daimler AG" компаниясына тийиштүү.

29-декабрга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
29.12.2016. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мерс майбахдар зверьго бирок ото ото кымбат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: