super.kg logo

Кыргыз өкмөтү: Азык-түлүктүн баалары арзандайт

 

Мындан 3 күн мурун Кыргыз Республикасы менен Казакстандын ортосунда темир жол транспортун тейлөө боюнча келишимге кол коюлду. Ага ылайык, Кыргыз жеринен Орусияга поезд менен жүк ташыгандарга тарифтердин арзандашы күтүлүүдө.

Ошондой эле Казакстандын аймагы аркылуу поезд менен Орусия жана Беларустан Кыргыз жерине ташылчу товарлар боюнча да тарифтер ылдыйлатылып, бул кыргыз тарап үчүн пайдалуу болорун 28-декабрда өкмөттөн билдиришти. Кыргыз Республикасы импорттой турган товарлардын наркы төмөндөп, мындан улам тамак-аш продукцияларынын баалары арзандай турганы айтылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, Кыргыз Республикасы айыл чарба азык-түлүктөрүнөн эт, сүт жана картошка менен гана өзүн өзү камсыздай алат. Калган товарларды сырттан алып кирүүгө муктаждык күч. Ошондуктан өлкөдө импорттун көлөмү экспортко салыштырмалуу 3 эсеге көп. Мисалы, 2016-жылдын 9 айында тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 3 миллиард 246 миллион 600 миң долларды түздү: экспорт - 751 миллион 500 миң доллар, импорт - 2 миллиард 495 миллион 100 миң доллар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: