super.kg logo
  Саясат  

Жол көйгөйү: Төө-Ашуудан чыга албай калган депутат таарынычын айтты

 

Парламенттин 28-декабрдагы жыйынында депутат Тынчтык Конушбаевдин Төө-Ашуудагы унаа тыгынынын айынан жумушка жетип келе албай калганы айтылган эле. Бүгүн аталган депутат Транспорт жана жол министрлигинин ишин сындап, Бишкек-Ош жолунун учурдагы абалын айтып берди.

"Өзүм жөнүндө айтканым жок, жарандарыбыз жолдо кандай кыйналып жатканын өз көзүм менен көрдүм. Кары-картаңдар, балдар, колунда ымыркайы бар энелер күндүз да, түндө да унаа тыгындарында турушат. Өкмөт кышка даярбыз деди эле. Жакында студенттер каникулга чыгышат, алар үйлөрүнө кантип жетишет? Транспорт министрлиги бул жагдайга көңүл бурууну күчөтүшү керек", - дейт Конушбаев.

Бишкек-Ош жолундагы абалга Транспорт жана жол министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жооптуу. Трассада унаа тыгындарынын алдын алуу үчүн маал-маалы менен "Сосновка" өткөрүү пунктунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө коюлуп жатат. Мындан тышкары көчкү түшүү коркунучу бар тилкелерде карды атайын аткылап түшүрүү иштери жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: