Кара-Кулжа районунда ички чарбалык жолго кар көчкү түшүп, каттам убактылуу жабылды
Кара-Кулжа районунда ички чарбалык жолго кар көчкү түшүп, каттам убактылуу жабылды. Бул тууралуу бүгүн, 29-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 28-декабрь күнү саат 16:30 чамасында Кара-Кулжа районундагы Кызыл-Жар айылынан Терек айылына баруучу Терек-Чаты ички чарбалык унаа жолунун 3 жерине кар көчкү түшкөн. Түшкөн кар көчкүнүн көлөмү болжол менен 4800 метр кубду түзүүдө. Учурда каттам жабык, жолду тазалоо үчүн техника каралууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:30
2025-07-10
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.