super.kg logo
  Спорт  

Футболчу Карлос Тевеске 40 миллион евро төлөмөй болгон кытайлыктар эми калыс Марк Клаттенбургдун артынан түшүштү

 
32 жаштагы аргентиналык футболчу Карлос Тевес "Бока Хуниорс" клубу менен коштошуп, кытайлык "Шанхай" клубу менен келишим түздү. Жаңы түзүлгөн келишим боюнча футболчу жылына 40 миллион евро маяна алат.

Чет элдик маалымат булактары кабарлагандай, бул көрсөткүч менен Тевес футбол дүйнөсүндөгү эң көп маяна алган футболчуга айланды. "Реалдын" чабуулчусу Криштиану Роналду жылына 21 миллион евро маяна алса, "Барселонанын" чабуулчусу Лионель Мессинин жылдык маянасы 20 миллион евро.

Тевес "Афины-2004" Олимпиадасынын алтын медалын тагынган. Европада англиялык "Вест Хэм", "Манчестер Юнайтед", "Манчестер Сити" клубдарында, кийин италиялык "Ювентустун" курамында ойногон.

Кытайдын Суперлигасынын деңгээлин дагы да болсо көтөрүү аракети көрүлүүдө. Эми мелдештин уюштуруучулары белгилүү британиялык калыс Марк Клаттенбургду иштөөгө чакырышууда. Алар Клаттенбургдун артынан белгилүү калыстар Кытайда иштөөгө макул болорунан үмүт кылып жатышат.

Кошумчалай кетсек, 2016-жылы Англия Лигасынын финалында, Чемпиондор Лигасынын финалында жана Европа чемпиондугунун финалында калыстык милдетти аркалаган Клаттенбург "2016-жылдын мыкты калысы" болуп табылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
29.12.2016. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
molodets kytailar
29.12.2016. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акча чечип коет
29.12.2016. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Балелщике мени алса экен,
29.12.2016. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
panda7,
29.12.2016. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бу Кытайлыктар катуу кетишти ар кимди чакырып.
30.12.2016. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азыр акчаны берет 3 жылдан кийн ошол акчаны 5 эсе кылып таап алат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: