super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Мектепте жакпаган класстын айнегин атайылап сындырчубуз"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Үйдөн бир нерсени сындырып алганда..." деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Университетте ишембилик болуп калды. Досум экөөбүз ректордун орун басарынын кабинетин жыйнап калдык. Стенканын үстүндө дипломдун рамкасын колумдан түшүрүп, сындырып алгам. Аябай коркком, бирок агай урушкан эмес".

"Мектепте жакпаган класстын айнегин атайылап сындырчубуз, бирок ким сындырганын билгизчү эмеспиз".

"Кичинемде "ходячая катастрофа" элем, эмнеге тийсем, ошол нерсе сөзсүз кулап, колумдан түшүп, сынып жок болчу. Анын үстүнө радио, телефон, телевизордун ичинде эмнелер бар экенин билгим келчү. Бузуп, алып, апам жумуштан келгиче эптеп окшоштуруп кураштырып койчумун".

"Мен идиш-аяк менен өтө "душманмын". Этияттап кармасам деле сына берет. Идиштерди таппай калышса эле үйдөгүлөр да менден көрүшөт, апамдан дайыма сөз угам. Өзү сынса менде эмне айып?"

"Иним экөөбүз ойноп жатып бир жакшынакай саатты талкалап алып скотч менен чаптап... Же чаптасам кармасачы. Атам келип көрүп "үйдө жаңы усталар пайда болуптур" деп апама айтып күлгөн. Урушкан эмес".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: